Быйыл Кыргызстан коңшу Өзбекстанга 399 миллион киловатт саат электр энергиясын экспорттогон. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда күзгү-кышкы мезгилге карата даярдык боюнча республикалык штабдын отурумунда маалым болду.
Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаевдин айтымында, Өзбекстанга 399 миллион киловатт электр энергиясы 2 центтен экспорттолгон. Экспорттолгон жалпы электр эненгиясынын баасы 16,5 миллион долларды түзөт. Былтыркы жылы бул көрсөткүч 765 киловатты түзгөн.
Өткөн жылга салыштырмалуу электр энергиясын берүүдөгү авариялар 11 пайызга азайган.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ