Балдардын музыкалык мектептерине айрым сабактарды офлайн режиминде өткөрүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.
Анын айтымында, маданият, билим берүү жана саламаттыкты сактоо министрликтери биргелешкен буйрук чыгарышты. “Салттуу режимде адистик боюнча (фортепиано, скрипка, комуз жана башкалар) жана сольфеджиодо жеке сабактарды өткөрүүгө уруксат берилген. Бирок билим берүү мекемелери окуучулардын жана мугалимдердин коопсуздугун бир эле учурда көп келбеши үчүн камсыз кылышы керек”, – деди ал.
Азамат Жаманкулов сөз балдардын музыкалык мектептери жөнүндө гана жүрүп жаткандыгын кошумчалады. “Абдраев атындагы атайын орто окуу жайы, Күрөңкеев атындагы музыкалык мектеп сыяктуу орто кесиптик билим берүү мекемелери бул жакка кирбейт”, – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ