Menu

Оштон “Эмгектин” мурду кылтыйды

Бөлүшүү:

Мындан алты жыл мурда жергиликтүү кеңешке талапкерлерди тандап, шайлоо болгондо Токтогул шаарынын элинин көз карашын баамдап көрүүгө Аскар Салымбековдун “Эмгек” партиясы чечкиндүү болгон. Бирок, ар бир кадамына катуу саресеп салган бул партиянын “ити” чөп жей албай мандаттын караанына да жакындабай “мыш” болгон. Көрсө өтө чүнчүңдөй бергендерди эл жактырбайт экен.

Ал эми 12-апрелде өтчү шайлоодо бул партиянын мурду Ош шаарынан көрүндү. Чамасы Аскар байкебизди эпчилдер тилге келтиришкен окшобойбу. Эми бул калаада деле “берчи” дегендер жок эмес. Алаканын ысытпаса каткан нанды да ыраа көрүшпөйт. Эгерде мурутун майлап, эти көрүнбөсө да күрүчтү мол бышыртып дасторконго койсо балким өтүп кетишер. Жок дегенде эки мандат алышса чоң утушка жетишкен болушаары талашсыз. Мурдагыдай сараңдыгын карматышса кайрадан ашка салган кашыктары бозомтук бойдон калары бышык. Анын үстүнө “булчуңу” буржуйуп көрүнгөн бийликтин партияларынан кешик артабы десең? Кызыктын баары алдыда, ботом…

Булак: «Ачык сөз»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: