Menu

Мирзиёев Кордайдагы кырсыкта жабыркаган өзбекстандыктарга жардам берүү үчүн комиссия түздү

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Казакстандагы автобус кырсыгында жабыркаган өзбекстандыктарга жардам берүү жана кырсыктын себептерин иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түздү.

Анын курамына өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар, Тышкы иштер, Ички иштер жана Саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү кирди.

«Өкмөттүк комиссияга казак тарап менен макулдашып, каза болгон жана жаракат алган жарандарды мекенине алып келүү жана алардын туугандарына жардам көрсөтүү тапшырмасы берилди», — деп жазылган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө.

Такталган маалыматтарга ылайык, 20-апрелде Казакстандын Жамбыл облусунда болгон кырсыктан Өзбекстандын үч жараны каза болуп, дагы 13ү түрдүү жаракаттары менен жергиликтүү оорукана жеткирилген. Учурда алардын үчөөсүнүн абалы өтө оор экени кабарланууда.

20-апрелде таңкы саат 5тер чамасында Жамбыл облусунун Кордай районунун Алматы-Ташкент автожолунда «Toyota Camry» машинасы жүк ташыган автоунаа менен кагылышкан. Андан качууга аракет кылган жүргүнчү ташыган автобус оодарылып кеткен. Кырсыктан 11 кишинин өмүрү кыйылып, 29 киши жабыркаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: