Menu

Өзбекстанда 2022-жылы ноябрда эл каттоо болот

Бөлүшүү:

Өзбекстан өкмөтү кабыл алган токтомго ылайык, өлкөдө эл каттоо 2022-жылы 1-ноябрдан 25-нобярга чейин болот. 2021-жылы ушул эле маалда бийлик эл каттоону тесттик түрдө өткөрүүнү пландоодо.

Токтомдо эл каттоого юридикалык жана физикалык жактарды тартуу жана алардын кызмат акысын төлөө маселеси камтылган. Катачылыктарга жол берөө үчүн бийлик 2021-жылдын 1-августунан 2022-жылдын 1-декабрына чейин административдик-аймактык түзүмдү жана объектилердин аттарын өзгөртүүгө тыюу салды.

Статистика боюнча мамлекеттик комитеттин сайтында Өзбекстан дүйнөлүк рынокто атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну каалай турганы, өлкөдөгү адам дараметин билбей туруп бул максатка жетүү мүмкүн эмес экени айтылган.

“Биздин максат – колдо бар ресурстарды максималдуу түрдө колдонуу. Бул үчүн биз калктын курамын, экономикалык активдүүлүгүн, билим деңгээлин жана миграциялык процесстерди билишибиз керек”,– деп айтылат билдирүүдө.

Өзбекстанда эгемендүүлүктөн бери расмий түрдө эл каттоо жүргүзүлгөн эмес. Акыркы жолку каттоо 1989-жылы болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: