Menu

Ченемдик бюджеттик каржылоо колледждерге эмнелерди берет

Бөлүшүү:

Дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга, атаандаштыкка жөндөмдүү жана суроо-талапка ээ болууга мүмкүндүк берүүчү, иш жүзүндө колдонулуучу билимдерди жана компетенцияларды калыптандыруучу сапаттуу билим берүүнүн жарандарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында кесиптик билим берүү артыкчылыктуу деп белгиленген. Билим берүүнүн бардык деңгээлинде натыйжага багытталган башкаруу жана каржылоо, анын ичинде ченемдик бюджеттик каржылоо механизмин колдонуу камсыздалышы керек, ал бюджеттик каражаттарды натыйжалуу колдонууну камсыздайт.

Кесиптик билим берүү системасын ченемдик негизге которуу дүйнө жүзүндө билим берүүнү модернизациялоонун артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө 2016-2017-жылдары ченемдик каржылоо моделин пилоттук апробациялоо жүргүзүлгөн, жыйынтыгы боюнча ченемдик укутук базаны өзгөртүү зарылчылыгы аныкталган. Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарындагы мектептердин көбү ченемдик каржылоого өттү. Мектептердин бюджети окуучулардын санынан, ошондой эле мектептердин типтери, окутуунун баскычтары, жайгашкан жери (шаар/айыл) боюнча дифференцияланып аныкталат.

2019-жылдын 1-январынан тартып баштапкы кесиптик билим берүү уюмдары КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 545 токтомуна ылайык каржылоонун ченемдерин эске алуу менен иш алып барууда. Жогорку кесиптик билим берүү системасында КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 токтомуна ылайык мамлекеттик каржылоонун көлөмү грант ээлери-студенттердин санынан жана билим берүү грантынын көлөмүнөн улам түзүлөт жана мамлекеттик буйрутманын алкагында кадрларды даярдоого гана тиешелүү болот.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында бюджеттик каржылоонун ченемдерин ишке киргизүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн куралдар иштелип чыгууда, ошондой эле ченемдик бюджеттик каржылоонун куралдары да иштелип чыгууда. Долбоордун адистери жана эксперттери тарабынан орто кесиптик билим берүү системасын каржылоону талдоо жүргүзүлгөн, ал төмөнкүлөрдү көрсөттү:

-колледждин бюджетинин 95% персоналды жана инфраструктураны кармоого, ал эми 1% гана окуу процессине багытталат.

-эмгек акы төлөө системасында окутуучунун ишинин аяккы натыйжасы менен ага материалдык стимул берүүнүн деңгээлин учетко алуу каралган эмес.

-аянттарды колдонуу боюнча ар кандай жагдайлар, 22 колледждин долбоордук кубаттуулугу 16,8 миң студентти түзөт, анда 2019-жылы 18,0 миң студент билим алган.

-бюджетти түзүүчү тармактык көрсөткүчтөр чыгашалык көрсөткүчтөр, анткени инфраструктурадан жана топтордун санынан көз каранды.

-республиканын аймактары боюнча колледждерждин финансылык камсыздалышынын ар кандай деңгээлинен тышкары колледждер педгогикалык персоналдын ар кандай сааттык жүктөмүнө ээ.

Жүргүзүлгөн талдоонун негизинде адистиктердин топтору боюнча пилоттук колледждерди бюджеттик каржылоонун ченемдерин эсептөөнүн методикалык мамилелери иштелип чыккан.

Эмгек акыны төлөөгө карата чыгымдардын ченемин эсептөө КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген жоболордун негизинде түзүлгөн:

-2018-жылдын 30-сентябрындагы № 511 «Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысын төлөөнүн шарттары жөнүндө»;

-2011-жылдын 31-майындагы № 270 «Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу»;

-2015-жылдын 20-ноябрындагы № 788 «Орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө».

Бюджеттик каржылоонун ченеми эки компонентти камтыйт:

-Билим берүү процесси (персоналдын эмгек акысын төлөө, квалификцияны жогорулатуу, окутууда сарпталуучу материалдар, стипендия);

-Билим берүү чөйрөсү (билим берүү чөйрөсүн камсыздоо үчүн зарыл болгон чыгымдар, изилдөөлөргө карата, коммуналдык, кезектеги оңдоп-түзөөлөргө карата чыгымдар.

Жалпысынан билим берүүнү каржылоонун ченемдик ыкмасы сметалык каржылоого салыштырмалуу дээрлик натыйжалуу деп бааланат.

Ченемдик бюджеттик каржылоо модели республикалык бюджеттен финансылык ресурстарды адилеттүү жана ачык-айкын бөлүштүрүү аркылуу колледждерди бирдиктүү каржылоону камсыздоого мүмкүндүк берет. Жаштарга мамлекеттик каржылоо менен камсыздалган билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнүн шарттары теңдештирилүүдө – ар бир окуучуну окутуу бюджеттик каражаттардын бирдей суммасы менен камсыздалууда. ЧБК ошондой эле билим берүү уюмдарынын тармагын оптималдаштыруу фактору, алардын ортосундагы атаандаштыктын элементтерин өнүктүрүү болуп саналат.

Жакшы жактары болуп ошондой эле финансылык агымдардын ачык-айкындуулугун жакшыртуу жана аларды рационализациялоо, педагогдордун эмгекке умтулуусун жогорулатуу аркылуу бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнү камсыздоо мүмкүнчүлүгү саналат, анткени ар бир колледж окуучуларды тартуу жана каржылоону жогорулатуу үчүн өзүнүн билим берүүчү потенциалын жогорулатууга аракет кылат. Колледждерге реалдуу административдик жана чарбалык өз алдынчалуулук берилет, ал билим берүүчү кызматтарды алуучулардын суроо-талаптарына жана иш берүүчүлөрдүн квалификациялуу кадраларга болгон муктаждыктарына ыкчам таасирденүүгө мүмкүндүк берүүчү натыйжалуу механизмди түзүүгө таасир этет.

Бюджеттик каржылоонун ченемдерин 8 Алдыңкы тажрыйба борборунда пилоттоонун жыйынтыгы боюнча аталган моделди андан ары бардык орто кесиптик билим берүү умдарына жайылтуу боюнча чечим кабыл алынат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: