Menu

Токаев «өлкөнүн кризистен кийинки өнүгүшү» боюнча элге кайрылат

Бөлүшүү:

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «өлкөнүн кризистен кийинки өнүгүшү» боюнча элге кайрылуу жасайт. Бул тууралуу казак мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Берик Курмангали билдирди.

Анын айтымында, Токаевдин бул кайрылуусу былтыркыдай эле парламенттин эки палатасынын биргелешкен жыйынында жасалып, негизги бөлүгү экономикалык жана социалдык маселелерге арналат.

25-августта казак мажилисинин спикери Нурлан Нигматулин палаталардын жыйынын 1-сентябрда өткөрүү тууралуу буйрукка кол койгон.

Казакстандын экономикасы коронавирус пандемиясына жана мунай баасынын төмөндөгөнүнө байланыштуу оор кесепеттерге учуроодо. Быйыл өлкө COVID-19 пандемиясына байланыштуу эки жолу (жазында жана жайында) карантин киргизип, соода ишканалары менен кызмат көрсөтүү тармактарынын ишмердүүлүгүн убактылуу токтоткон. Апрель айында мунай баасынын төмөндөшү рекорддук көрсөткүчгө жеткен. Азыр Brent үлгүсүндөгү мунайдын баррели 40 доллардан сатылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: