Өзбекстанда 2021-жылдын 1-январынан тартып лицензиянын 37 түрү жана уруксат берүүчү 10 документ жокко чыгарылат. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.
Ага ылайык, 1-январдан тартып:
-37 лицензия жана уруксат берүү документи;
-бириктирүү аркылуу 16 лицензия жана 11 уруксат берүү документи;
-кабарлоо тартибин киргизүү менен 17 лицензия жана 14 уруксат берүү документи жокко чыгарылат;
-лицензиялык ишмердүүлүктүн 14 түрү менен уруксат берүүчү документтерди жөндөө мөөнөтү дээрлик эки эсеге кыскартылат;
-115 лицензияны жана уруксат берүү документтерин алуунун жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлөт;
Ошондой эле насыя бюролорун лицензиялоодо кеминде 10 коммерциялык банк менен насыя маалыматтарын алмашууга макул экенин ырастай турган документтер жокко чыгарылат.
Мындан тышкары 1-январдан тартып туристтик ишмердүүлүктү лицензиялоо боюнча туроператорлор кызматынын тастыктамасы ыктыярдуу болуп калат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ