23-25-январда Ош шаардык милициясы “Бандит” аталыштагы рейд жүргүздү. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 27-январда билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, рейддин жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин тизмесинде турган 16 адам Ош ШИИБге алынып келинип, профилактикалык чаралар жүргүзүлүп, аларга мыйзамды бузбай, коомдук тартипти сактоо эскертилген. Андан сырткары, Криминалдык милициянын көзөмөлүндө турган кылмыш жасоого кызыкдар, кылмыштуу топтор менен мурда байланышы болгон жана соттолуп чыккан жарандарга да эскертүү берилген.
Иш-чаранын жүрүшүндө, мурда жасалган 57 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн кылмышка шектүү төрт жаран кармалып, дайынсыз жоголгон эки адамдын жүргөн жери аныкталып, туугандарына маалымат берилген жана терезелери караңгылатылган 22 машинанын ээсине айып салынып, алты мас айдоочу кармалган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ