Бүгүн, 7-сентябрга карата өлкөдө сутка ичинде коронавирустан жана пневмониядан каза болгон учур катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери каза болгондордун жалпы саны 1061.
Бүгүн Республикада коронавирус жана пневмония илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 44458 адамга жетти. Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 134 бейтап ооруканадан чыгарылды. Жалпы пандемия башталгандан бери 39960 бейтап бул илдеттен айыкты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ