Menu

Мажбурлап медэкспертизадан өткөрбөсө, Арстан Алайдыкы ашынып баратат!

Бөлүшүү:

Мындан он күндөй мурда Арстан Алай Абдылдаев өзүнүн тарапкерлери менен “Аки прессте” өткөргөн маалымат жыйынында өзүнүн “адамзаттын сактоочусу” болгондугун жарыя кылса, 14-октябрда анын жыйырмадай тилектештери аракеттеги мамлекет башчысын токтоосуз отставкага кетип, бийлигин Арстан Алайга өткөрүп берүүнү, “Кут” телеканалын ачууну талап кылган чакырыктар, лозунгдар жазылган плакаттарды моюндарына илип алышып Өкмөт үйүнүн жанына митингге чыгышты. Ал митинг жөнүндө алдын ала билдирилип, тийиштүү органдардан уруксат алынбагандыктан тартип сакчылары аларды тез эле кууп таркатышты.

Алардын каршылык кылбагандарына караганда өздөрү деле көпкө турууну ойлонушкан эмес, президенттин өз ыйгарымын аткарууга киришкендигин ушинтип оригиналдуу жол менен белгилеп койгулары келишкендей. Же аларды “аттап, тондоп, керектүү нерселерин комдоп”, “ааламдын эгедери” өзү жиберүүсү да толук ыктымал. Анткени, алардын лидери Арстан Алай да эки жыл мурда президентке талапкерлигин коюп, эң акыркы орундагы аутсайдерлерден болгон. Ал ошондогу ызасын, күйүт-өкүттөрүн ушундай жол менен чыгарып, жарыкчылыкта бар экендигин ушундай жолдор менен эске салгысы келсе керек.

“Орустар “Было бы смешно, если не так трагично” деп айтышкандай, алардын жоруктары сырттан байкагандарга күлкү болгон менен акыл эстүү кыргызстандыктарды уялткыдай, намыстандыргыдай иш болду. Арстан Алай баштагандар акыркы убактарда биротоло чектен чыгып баратышат. Өзүн Кыргызстандын “куткаруучусу, шам чырагы, айы, күнү” деп жарыялай берсин, ал өзүнөн башкаларды кызыктырбайт деле, президенттик шайлоо
алдында дайыма Москвадан келе калып, эки үч ай клоундун милдетин аткарган Кубанычбек Апаска окшоп, эл эрмек кылганга да дайыма болбосо да кээде оригиналдуу инсандардын жаралып турганы жакшы. Бирок, Арстан Алай Абдылдаевдин өзүн кудай деп жарыялаганы өтө эле чектен чыккан иш болду. Башка өлкөлөрдө бирөөлөр президент менен парламент жайгашкан башкы имараттын алдына келип алып, андай сөздөрдү айтып турса, аны ошол замат кармап барып, мажбурлап медициналык экспертизадан өткөрүшөт. Ал туура, антпесе Кыргызстандагы писихикалык дарттардан жапа чеккендердин бардыгы эле оолукканда Ак үйдү көздөй жөнөшү адатка айланып кетиши мүмкүн. Бирок, бизди андай чектен чыккан көрүнүшкө укук коргоо органдарынын таптакыр реакция жасашпагандары таң калтырууда. Арстан Алай өзүнүн тарапкерлери менен Кыргызстанды дүйнө жүзүнө шылдың кылып жаткандыгын эмнеге түшүнүшпөйт? Анткени, туристтер, сырттагы эксперттер “Арстан Алай – Новый Бог, Путеводитель Спаситель всего человечества”, “Требования Вселенной. Сезон С.Жээнбекова закончился. Он должен мирным путем передать власть Арстан Алай Абдылдаеву” деген сыяктуу чакырыктарын окушса, биздеги саясат, демократия жөнүндө эмне деп ойлошор болду экен? Сөзсүз, алардын баары болбосо да бир бөлүгү Кыргызстандагы демократия деген мээлеринен айныгандардын иштери болуп калган турбайбы деген ойго келишери толук мүмкүн.

Демократиялык көрүнүштөр, процесстер, жарандардын өз көз караштарын, пикирлерин эркин билдиргендери жакшы, бирок ага эң эле жумшак айтканда “адекваттуу эмес” адамдар да аралашып, саясый акцияларды уюштура башташса, ал демократиянын да, саясаттын да кадыр баркын кетирип, дүйнө жүзүнө шылдың кылары турган иш.

Ага 14-октябрда күбө болдук. Же өзүн пайгамбар да эмес, кудай деп жарыялап алган адамды адекваттуу деп эсептөөгө болобу? Кыргызстанда андай адам жок болуш керек. Мындай чектен чыккан көрүнүштөргө укук коргоо органдары ыкчам чара колдонушпаса, эртең көчөлөргө “кудайлар”, “пайгамбарлар”, “маршалдар”, генералдар”, “президенттер” толуп кетишет. Ошондуктан Арстан Алайдын жоругун тамаша катарында кабылдап, отура берген болбойт. Ал өзүнүн адекваттуу эмес аракеттери менен демократиянын, саясаттын гана баркын кетирбестен, Кыргызстанды дүйнө жүзүнө шерменде кылууда.

Ушундан улам “Кыргызстандагы бардык саясатчыларды милдеттүү түрдө психиатриялык экспертизадан өткөрүү зарыл окшойт” – деген ой келүүдө. Анткени, биздин көчө саясатыбызда мурда деле “сарынын” белгиси болсо, ал азыр “ашынып бараткандыгы” Арстан Алайдын аракеттеринен ачык эле байкала баштады. Мындан ары чыдоого мүмкүн эмес!

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: