Menu

Минскте кайрадан миңдеген киши Эгемендик аянтына чыкты

Бөлүшүү:

25-августта Минск шаарында президент Александр Лукашенконун башкаруусуна каршы болгон миңдеген киши кайрадан Эгемендик аянтына чыкты.

Оппозиция алар өлкөнүн бейрасмий Эгемендик күнүн майрамдоо үчүн чогулушканын билдирди. Беларус 1991-жылы 25-августта мамлекеттин көз каранды эместиги тууралуу декларация кабыл алган.

Акциялар өлкөнүн башка шаарларында да өттү. Nexta телеграм-каналы Гродно шаарында милиция жергиликтүү «Гродно Азот» ишканасынын көчөдө сейилдеп жүргөн 20дан ашык кызматкерин кармап кеткенин жазды. Бир канча убакыттан кийин жергиликтүү ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдына 100дөн ашык киши чогулуп, жумушчуларды бошотууну талап кылышты.

Беларуста массалык нааразылык акциялар 9-августта өткөн президенттик шайлоодо алтынчы жолу катары менен талапкерлигин койгон азыркы мамлекет башчы Александр Лукашенко жеңүүчү деп жарыялангандан кийин башталган. Нааразы болгондор бийликти шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого жана митинг катышуучуларына карата зомбулук көрсөтүүгө айыптап, Лукашенконун отставкасын жана кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда. Акция катышуучуларын кууп таратуу маалында кеминде төрт киши каза болуп, 100дөн ашыгы жаракат алды. Кармалгандардын так саны белгисиз. Оппозиция жалпы улуттук иш таштоо жарыялап, аны көптөгөн заводдор менен ишканалардын жумушчулары колдошкон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: