Кант шаарында жашы жете элек кыз асынып алды. Бул тууралуу журналисттерге Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-августта милицияга шаардын кичирайондорунун бириндеги балдар уктоочу бөлмөсүнөн 12 жаштагы П.В.нын жансыз денеси табылды деген билдирүү түшкөн.
«Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз асынып алды. Бардык жагдайлар иликтенүүдө. Азыр мындан аркы тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүп жатат», – деп билдиришти милиция бөлүмүнөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ