Москванын Кубинка көчөсүндөгү турак үйдө жарылуу болуп, кыргызстандык бир үй-бүлө жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта LIFE басылмасы билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жарылуу эки баласы бар жубайлар жашаган үчүнчү кабаттагы батирде болгон. Кошуналар журналисттерге аталган үй-бүлө Кыргызстандан барып, батирди ижарага алып жашап келишкенин айтышкан.
“Төртөөнүн бардыгы тирүү жана аман калышты” деп кабарлады басылма.
“ТАСС” басылмасы булактарга таянуу менен жарылуунун себеби газ тилкесинин иштебей калышы менен байланыштуу экенин билдирет.
Жарылуунун натыйжасында 16 адам эвакуацияланды, жаракат алгандар бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ