Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Аймактарда жаңы жумушчу орундарды түзө турган абдан чоң потенциал бар

Бөлүшүү:

«Аймактарда жаңы жумушчу орундарды түзө турган абдан чоң потенциал бар», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын  Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  29-августта, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы белгилегендей, аймактарда абдан чоң мүмкүнчүлүктөр бар, буга байланыштуу аларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Ошол эле мезгилде ал ички-тышкы миграция ошол алыскы бийик тоолуу аймактардан, айылдардан кетип жатканын кошумчалады.

«Мына ушуга чейин жетип калганбыз, кээ бир айылдарда иштерди жасай турган жаштар калбай калган. Аймактарды өнүктүрүү программасынын алкагында сыртка кеткендерди алып келебиз деп айта албайм, бирок кийинки муунга жумуш орундарын түзүп, кармап калууга жана айылда эмгектенүүгө мүмкүнчүлүк беребиз», –  деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент эске салгандай, ал үчүн Аймактарды өнүктүрүү программасы кабыл алынган, ага ылайык, 20 шаарды алып, Бишкек, Ош шаарындай шарт түзүп, ал 20 шаардын тегерегинде элди кармап калуу. Ошол жерде социалдык жактан кызмат көрсөтүү – медицина, билим берүү, социалдык коргоо, мамлекет жасай турган бардык иштерге каражатты ошол жактарга бөлүп, элдин жашоосуна шарт түзүү.

«Жетишкендигибиз – ушул 20 шаарды өнүктүрүүгө багытталган программаны ишке ашырууга каражат табылды. Ошол жерлерде – 20 шаардын тегерегинде, облус борборлорунда, чоң шаарларда, өнөржай ишканаларын көбөйтөбүз. Бизнес барып, жумушчу орундары түзүлө баштайт. Окуу жайларынын, саламаттык сактоо тармагынын сапатын жакшыртууга, кайра иштетүү өнөр жайын жолго коюуга аракет кылабыз», – деп өзгөчө баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: