Menu

Казакстанда кызгалдак үзгөн сегиз киши жоопкерчиликке тартылууда

Бөлүшүү:

Түркстан облусунда кызыл китептке кирген “Грейт кызгалдагын жулган” кишилер жоопкерчиликке тартылууда. Бул тууралуу облустук полиция департаменти билдирди.

Департаменттин маалыматына караганда, Грейт кызгалдагын үзгөн сегиз киши Кылмыш кодексинин “Сейрек жана жоголуп кетүү коркунучундагы өсүмдүктөргө туура эмес мамиле жасоо, пайдаланууга тыюу салынган түрлөрү менен мыйзамсыз алектенүү” беренеси боюнча айыпталууда.

Тергөө учурунда алардын күнөөлүү экени аныкталса, үч миң минималдык айлык эсептик көрсөткүчтөгү айыппул салынат, же коомдук жумуштарга тартылат, болбосо үч жылга чейин эркинен ажыратылат.

Казакстан өкмөтүнүн 2006-жылдагы токтомунун негизинде, жыйырмадай кызгалдактын түрү жоголуп кетүү коркунучундагы өсүмдүктөрдүн тизмесине киргизилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: