Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда № 2027 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери асынып каза болду. Маалыматты КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү тастыктады.
Маалыматка ылайык, окуя 2020-жылдын 30-августунда болгон.
Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Бул факт боюнча кызматтык иликтөө дайындалды. Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы сотко чейинки өндүрүшкө чара көрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ