Menu

Тажикстанда өз өмүрүнө кол салган министр жумуштан алынды

Бөлүшүү:

Тажикстандын транспорт министри Худоёр Худоёрзода ээлеген кызматынан бошотулду. Президент 31-августта кол койгон жарлыкта аткаминер пенсияга чыккандыгына байланыштуу кызматтан алынганы жазылган.

Президенттин башка жарлыгы менен Транспорт министрлигинин башчылыгына Азим Иброхимов дайындалды. Ал буга чейин вице-премьер кызматында иштеп келген.

Расмий маалыматтарга ылайык, 62 жаштагы Худоёр Худоёрзода 11-августта үй-бүлөлүк жаңжалдан улам бычак менен өз өмүрүнө кол салып, аны жакындары сактап калышкан. “Истиклол” медициналык борборунун дарыгерлеринин бири анын ичине эки жолу бычак сайылганын айткан.

19-августта Худоёрзода «Озоди» радиосуна суицид аракети боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан. «Ооруканадан качан чыгарышарын билбейм. Чечимди дарыгерлер кабыл алат. Ушул тапта дарыланып жатам», – деген ал.

Худоёр Худоёрзода Транспорт министрлигин 2017-жылдан бери башкарып келген. Ага чейин Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун мажлис депутаты, Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын мүчөсү болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: