Menu

Таш-Көмүрдө 8 адамдан турган үй-бүлө унаа менен 60 метрлик бийиктиктен кулап кетти

Бөлүшүү:

Таш-Көмүр шаарында жол кырсыгына кабылган унаада 8 адам болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү тастыктады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 449-чакырымында болгон. “Тойота Виш” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, унаа 59-60 метр бийиктиктен Нарын дарыясынын жээгине кулап кеткен.

Куткаруучулар үч адам каза болгонун кабарлашты. Беш адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн маалыматы боюнча, унаа Ош облусун көздөй бара жаткан. Айдоочу 1990-жылы туулган Өзгөн районунун тургуну А.А.

Унаанын айдоочусу жана анын төрт жаштагы баласы Таш-Көмүр аймактык ооруканасына жеткирилген. Калган үч жабырлануучунун абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Кырсыктан айдоочунун 1995-жылы туулган карындашы А.Т., анын бир жаштагы кызы жана 2003-жылы туулган жээни Б.З. каза тапкан.

Кырсык фактысы боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталат. Текшерүү иштери башталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: