“Кыргызстан” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров депутаттык мандатын тапшырат. Ал мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылган.
Анын ордуна, депутаттык мандатты 2015-жылдан берки партиялык тизме боюнча Кенжебаев Байгазы Бобунович – “Кыргызстан” саясий партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, КРнын спорттук күрөш федерациясынын вице-президенти алышы керек.
Ал 1975-жылы 25-октябрда Талас облусунда туулган. Билими жогорку, 2007-жылы Кыргыз улуттук университетте бухгалтердик эсеп жана аудит адистигин аяктаган.
2010-жылы апрель айында Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалган. 2012-жылы ал мамлекеттик агенттиктин өзүн жетектеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ