Menu

Топчубек Тургуналиев, УӨ мүчөсү: “2010-жылы эле Отунбаева менен Каптагаев Убактылуу өкмөткө 22 бөлүм ачып, 13 бөлүм башчыны көлдөн, 8 бөлүм башчыны Таластан коюп алышыптыр, бул трайбализм…”

Бөлүшүү:

– Арыбаңыз, Топчуке.
– Бар бол. Сен да арыба, айланайын.
– “Топчуке саясий майданга кайра чыкты” деген сөз өлкөнү аралады. Себеби?
– Элди сестенткен, ойду оргуштаткан көйгөй маселелер өзгөчө курчуганда пикир айтуу парз. Солгун учурда деле соксоңдоп чыга берүү өзүңдү да, башкаларды да жадатат.
– Азыр сиздин көңүлүңүздү кайсы көйгөйлөр курчутуп жатат?
– Жалпы журтту каптаган көйгөйлөр: улам туш тарапка сатылып жаткан кыргыздын ыйык жерлери; бийликтин абийирин айрандай төгүп жаткан аткаминерлердин арбын тобу; жакшысынан жаманы көп саясий абал…
– Абалды оңдоо үчүн эмне кылуу керек дейсиз?
– Бийликти тазалоо зарыл. Токтоосуз. Бул зарылчылык эбак каканактаган. Бүгүн жарыла баштады. Эртели-кеч жарылмак. Башы көрүнгөн “саясий оюнчулардын” бирин-бири жутуп жиберчүдөй салгылаша баштаганы көп нерсени айтып жатат. Кыргызстандын эгемендиги жарыялангандан бери мамлекеттик, улуттук кызыкчылыктарга далай душмандык кылгандардан, бейиштей жерибиздин эчен жактарын башкаларга бергендерден, саткандардан, демек чыккынчылардан; “жыргатам, куунатам” деп элди алдап жогору чыгып, чыккандан кийин убадасын унутуп, бийликти өз чөнтөгү үчүн күндүр-түндүр пайдаланып, теңирден тескери жол менен миллионер, ал түгүл миллиардер болгон шылуундардан, шүмшүктөрдөн, шүдүңгүттөрдөн, демек коррупционерлерден; улуттун пассионардык улуу касиетин, элдик революциялардын үлгүсүн бүт дүйнөгө көрсөткөн эл-журтубузду жер каратып жаткан адамдардан кутула албай жатканыбыздын каран күн кесепетинен саясий кармашуу кайрадан күчөгөндөн күчөп баратат.
Ошондуктан мен люстрация – бийликти тазалоо мыйзам долбоорун дагы бир жолу сунуш кылып жатам. Биздеги бийлик “Авгийдин атканасы” дегендей эле булганыч.
– Бул долбоорду сиз качан даярдадыңыз эле?
– Алты жыл мурда. Апрель элдик революциянын эртеси.
– Ал мезгилде эмне үчүн кабыл алынган эмес бул мыйзам?
– 2010-жылдын 30чу теке күнүндө “Ачык саясатка” чыккан менин долбоорум.
Эртеси 31де элдик курултайда бир добуштан жактырылган. Муну мыйзам кылуу укугу бар эле Убактылуу өкмөттүн. Бирок Отунбаева баш болуп УӨ кабыл алган эмес.
– Эмне үчүн?
– Себебин мен кийин түшүндүм: УӨнүн айрым мүчөлөрүнүн арты таза эмес экен. Бул мыйзам өзүбүздүн башыбызды жара турган союл болот таризде четке кагылган.
– Жогорку Кеңешчи?
– 2010-жылдын тогуздун айынын онундагы шайлоодо өткөн “жаңы депутаттар кабыл алсын” деген шылтоо айткан айрым Убактылуу өкмөт мүчөлөрү.
Мен эмки ЖКга да ар кандай ыплас ыкма менен добуштарды сатып алгандар келет. Алар бул мыйзамдын караанынан коркот, качат, эч качан кабыл албайт деп какшасам да тилим өтпөдү. Өксүп-өксүп калып калгам.
– Азыркы ЖКга бересизби?
– Берем, “Биз Кыргызстандын эгемендик жылдарындагы биринчи жолу эң таза шайлоо аркылуу депутат болдук” дешет. Анда “шайлоо гана эмес, бүгүнкү депутаттар да таза” деп түшүнсөк болот шекилди. Таза болушса эч нерседен, бул мыйзамдан да коркпогондор болуу керек. Мыйзамды өткөрүшсүн.
– Өткөрөт деп ишенесизби?
– Күмөнүм көп. Көрөлү. Өткөрбөсө булар да элдин наалаты каарына калат.
Тарыхтын таштандысына кетет.
– Топчуке, сиз “Facebookка” “өлкөнүн өсүшүнө үч күч таасир берет” деп жазыпсыз. Кайсы күчтөр?
– Биринчиси, тарыхтагы эң кубаттуу, эң касиеттүү улуу күч – эл. Мен күжүрмөн, баатыр кыргыз элим менен сыймыктанам. Экинчиси – элдин алдында чыгып, башчы болгондор. Эгерде алар асыл болсо,анда, меритократиялык бийлик орнотот, өлкө гүлдөп өсөт. Жок, көрпенделик байлыктын кулу болгондор башкарса, анда элдин шору. Акаевдерден, бакиевдерден бери бүгүн да байлык, бийликтин албарстысына азгырылгандар көп. Үчүнчүсү, албетте мыкты мыйзамдар зарыл. Баш мыйзамды улам жаңырта берүү керек эмес.
Өтө керек болсо оңдосо болот. Оттофон Бисмарктын атактуу сөзү эсиме келет: “Мыйзамдар жакшы, бирок башчылар начар болсо өлкө алдыга кетпейт. Тескерисинче мыйзамдар начар болсо да асыл сапаттуу башкаруучулар өстүрөт”.
Демек кеп жалаң гана мыйзамда эмес, башкаргандарда да. Биздин өнөкөт, азырынча айыкпай жаткан жарабыз – жетекчилер. Басымдуу көпчүлүк жетекчилер.
Ошондуктан бул оорудан айыгуунун дабасы – бийликти тазалоо мыйзамы, аны кабыл алып ишке ашыруу.
– Бул боюнча дагы эмне айтасыз?
– Кыргызстандын тагдырына кайдигер эмес мекендештериме кайрылам: бийликти тазалоо зарылчылыгын колдогула, талап кылгыла! Кыргыздын душманы – кыргыз. Бийликтеги мандемдүүлөр. Тазалар, өзгөчө жалындуу, акылдуу, иш билги жаштар бийликке келсин. Жыдыгандар, сасыктар кетсин.
Анча-мынча болсо да таза депутаттар бар го. Бул мыйзам долбоорун ЖКнын күн тартибине мен киргизем дегенге берем. Ачык айтсын. Ким?
– Эми Топчуке, чуулгандуу чырларга өтөлү. 31-августта Отунбаева Атамбаевдин айтканына чыдабай туруп кетти. Сиздин сөзүңүз?
– Ал Атамбаевдин туулган күнүнө келиптирби? Улуу майрамды, элди тоготпой, таарынгандай кетти. Саясатчы адилеттүү, адилетсиз сындын баарына чыдоо керек. Адилетсиз болсо жооп кайтарууга укугу бар да.
– Аны Атамбаев туура сындадыбы?
– Туура. Чындыкты катуу айтты.
– Кайсы чындыкты?
– 2010-жылы “Отунбаеванын президенттикке талапкерлиги эл добушуна коюлат” деп бюллетенге жазылбай, УӨ тарабынан “президент” аталган. Демек ал мыйзамсыз мамбашчы болгон. Бул – анын, УӨнүн катасы. Баарыбыздын күнөөбүз. Эмне үчүн “ой, баш мыйзам бузулуп жатат. Элдин колунан өтсүн. УӨ аны президент кылууга укугу жок деп токтоткон эмеспиз? Өзү дүйнөнүн көп жагын көргөн, билген киши го, неге ушуга макул болгон?..
– “Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртүү болбойт” деп УӨнүн сегиз мүчөсүнө кошулуп Сиз неге кол койгон эмес элеңиз?
– Мага ал кайрылууну 29унда Э.Ибраимова алып келген Айрым жерлери чала сабат, туура эмес жазылыптыр дедим. Бу мейли. Мейли, баш мыйзам өзгөртүлбөсүн. Бирок өзгөртүү укугу элде да. Элге өлкөнү оң жолго сала турган олуттуу нерсени сунуш кылалы, бийликти тазалоо маселесин, мыйзамды десем болушкан жок. “Бул башка маселе” – дешти. Мен бул башка маселе эмес, маселелердин маселеси десем болбой коюшту. Өзүңөр билгиле. 2010-жылы да куру шылтоолорду айтып бул мыйзамды өткөргөн эмессиңер дедим.
– “Отунбаеванын былыктары бар” депсиз…
– Ооба, бар. УӨ менен кеңешпей туруп болбогон себептерди айтып Бакиевдерди качырганы чынбы? Чын. Кылмышкерлерге жардам бергендер да кылмышкер да. К.Батыровду да…
– Каптагаев сизди “келжирейт” дептир. Бу кандай?
– Кыргызда улуу кишини “келжирейт” деп айтуу абийирсиздик. Улуунун күнөөсү болсо да мындай мазактабайт. Эмил “Facebookтагы” баарлашуу, сындоо маданияты пастардын деңгээлине түшүптүр…
– Ал жөнүндө эмне дейсиз?
– Бүт эл билет, Көлгө жетекчи болуп элди экиге бөлгөнүн ушу күнгө чейин айтышат.”Бийликтен кет!” деп талап кылгандардын далайын каматты. Кудум Акаевдин, Бакиевдин учурундай. УӨдө ушак ташып отурду.
– Ушак, далили барбы?
– Бар. Мен, Отунбаева отурабыз.
– Сиз Каптагаев тууралуу эмне дедиңиз эле? – деп сурады.
– Эмне дептирмин?
– Билбейм мага айтты го…
– Чакырчы көздөшөлү дедим. Чакырды. Келди. “Үч күн мурда сиз К.Оторбаев менен КТРге чыгып мени шыбаган экенсиз, эми мен сизге каршы иштеп жатам” – дейт.
– Анда сиз?
– Мен К.Оторбаев менен акыркы үч жылда бир да жолу телекөрсөтүүгө чыккан эмесмин. Бул сөзүң калп. Сенден коркот белем. Айтсам өзүңө айтмакмын. Адамдын артынан айткан адам эмесмин. Базардагы, көчөдөгү ушак сөздү президентке ташып жүргөнүң эркектик эмес десем унчукпай, шылкыйып отурду.
– Отунбаева эмне деди?
– Каптагаев го мейли, түшүнүктүү. Кеп Отунбаевада болду “эмне ушак айтасың!?” – деген сөз чыкпады андан. Бир аздан кийин эмне унчукпайсың десем да эч нерсе дебеди.
… Мен сурайм, УӨкө 22 бөлүмдүн не кереги бар? Эмне үчүн Көлдөн 13 бөлүм башчы коюлган? “Муну Каптагаев сунуш кылган” – дейт Роза Отунбаева. Таластан сегиз бөлүм башчы коюпсуңар. Баткенден бир жетекчи жок. Биз бийликке “жердешчиликтин, тууганчылыктын, демек, трайбализмдин тукумун курутабыз” деген да убада, максат менен келдик эле го дейм… Бул маселе боюнча Бекназаров да Роза Отунбаева менен кызыл чеке болгон…
– Каптагаев жөнүндө дагы эмнени билесиз?
“Эгерде Отунбаева Роза президенттикке койсо көпчүлүк эл колдойт, өтөт” деп тигини жерге-сууга тийгизбей көкөлөтө мактайт. Бүгүнкү саясий кымгууттан, чайнашуудан кийин эртең ким кайда болот, эл колдойбу, колдобойбу эч ким билбейт. “Көпчүлүк эл колдойт” – деген Эмилбек Каптагаев олуябы? …”Акаевди, Бакиевди кетирүүдө Роза Отунбаева орду опол тоодой” деген да аша чапкандык. Кимдин орду опол тоодой же чакан аскадай экенин эл эбактан билет. Ашыкча мактоо – адилетсиздик. Болгонун болгондой айтуу керек.
– Топчуке, сиз мурдараак “мен дагы эки революцияны самайм” деп жарыяладыңыз эле. Ал эмне деген революциялар?
– Революция жалпы-текши максаты боюнча элдик болушу мүмкүн. Же тиги, бул чөйрөдө. Мен айткан экинин бири- улуттук аң-сезимдеги революция; бийлик үчүн күрөшкөндөр бийликке чейин, оппозициялык күрөшкө чейин “мен жеңсем элим үчүн астейдил, ак пейил менен иштеп берем” деп өзүн тазалап, даярдап, анан күрөшкө чыгуу керек. Тэ-э, токсонунчу жылдардан бери мен күрөштө миңдеген адамдарды көрдүм. А дегенде туура нерселерди айтат, анан, бийликке келгенде эле адилетсиз, бузуку, чыккынчы болуп чыга келет…
– Экинчиси?
– Экинчиси сен экөөбүз маектешип жаткан негизги нерсе – бийликти айныгандардан, акылынан адашкандардан тазалоо революциясы. Абалды чукул өзгөртүү революциянын максаты. Бирок революция а дегенде жеңип, анан бийликти кайта эле эскилер, бийликти пулга сатып алгандар келгени – революциянын жеңилгени. Жылмакей контрреволюция. Мындай көрүнүш тарыхта көп ирет кайталанып келатат. Айрым учурда биринчи революциялык чукул кадам үзүрлүү жыйынтыкка, ийгиликке алып келгени да бар. Дүйнөлүк социализм кыйрагандын эртеси Чехословакияда, Венгрияда, Польшада люстрациялык революция жасалган: өлкөнү азапка салган жетекчилердин баарын мындан ары бийлик орунду ээлөө, дайындалуу же шайлануу укуктарынан өмүрүнүн аягына чейин ажыратылган. Тигине карасаңыз, алар бүгүн канча алдыга кетти!
– Сиздин дагы кандай революциялык ойлоруңуз бар?
– Бар. “Манас” бизге ыйык курандай, “Манас” бизге өткүр куралдай. Көңкү кыргыз кете албайбыз эртеңге, Көңүлдөрдү “Манас” менен сугарбай” деп ак таңдай акын С.Жусуев бизге мурас кылып кеткендей, келечекте да кыргыз эл болсун десек биз керемет эпопеядагы улуттук, жалпы адамзаттык ой-максаттар менен калкыбызды, өзгөчө балдарды, жаштарды сугарышыбыз абзел. Айттым го, эң оболу меритократиялык бийлик түзүп, асылдарды алдыга салуу – бул да революциялык иш.
– Чек ара боюнча пикириңизди айтсаңыз?
– Тез арада Үңкүр-Тоону өзбектерден бошотуу зарыл. Сатылган жерлер боюнча өзгөчө маек курабыз. Ошондо толук айтам.
– И-и. “Манас” – түгөнгүс кенч. Сиз түзгөн Манастаануу институт ушул максат жолунда го?
– Ооба, “Манас” эпопеясындагы ыймандуулуктун, адептүүлүктүн, демократиянын үлгүсүн кеңири таркатуу үчүн бул институт түзүлгөн. Төрт жылдык, плюс эки жылдык окуу (магистратура), аспирантура бар. Манастаануу боюнча адистерди даярдоо жолго салынды. “Манас” Ааламы аттуу илимий журнал чыгара баштадык. Буюрса, докторантура да ачабыз.
– Топчуке, сиз институт ачып, “Байыркы көчмөн кыргыз цивилизациясы” аттуу илимий эмгек жазып, “Манас” Ааламы” деген илимий журнал чыгарып жатыпсыз. Деги эс аласызбы?
– Ооба. Жылыга улуу тоолорго чыгып, үңкүрлөргө жатып, асман тиреген бийиктиктен кубат алып, эс алам.
– Быйыл кайсы тоого чыктыңыз?
– Кожожаштын аскасына. Миң – Текеге. Былтыр Ноокендин, Базар-Коргондун, Сузактын бийик тоолоруна чыгып жыргагам.
– Сиздин 76 га кеткен жашыңызда улуу тоолорго чыгуу кыйын эмеспи?
– Жок. Жыргал дебедимби.
– Маегиңизге ыраазымын.

Маектешкен Мирлан Алымбаев

Булак: Фабула

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: