Ош шаарында үч жашар баланын оозуна сосиска тыгылып каза болду. Бул тууралуу маалымат Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан жана ооруканадан тастыкталды.
Ош облустар аралык балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Кутпидин Беккозуевдин айтымында, бала медициналык мекемеге алынып келингенде, анын абалы өтө оор деп бааланган. «Ал бизге 1-сентябрь күнү кечинде жеткирилген. 3 жаштагы бала. Ал сосиска жеп, тамагына тыгылып, андан кийин какалган. Биз керектүү бардык жардамдарды көрсөттүк, бирок аны кечигип алып келишти. Бала 2-сентябрда кычкылтектин жетишсиздигинен (асфиксия) көз жумган», – дейт дарыгер.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы баланын ата-энеси соттук-медициналык экспертизадан баш тартканын билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ