Бүгүн, 3-сентябрда саясий партиялардын шайлоо жарышына катышуу үчүн документтерин каттоонун акыркы мөөнөтү аяктайт.
Эскерте кетсек, саясий партиялардын документтерин тапшыруу мөөнөтү 24-августта аяктаган. Кечээ, 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышуу үчүн төрт партияны бекитти: “Ата-Мекен”, “Бир Бол”, “Замандаш” жана “Ооганстан согушунун ардагерлери”.
Кийинки тизмедегилер:
“Мекен Ынтымагы”.
“Ыйман Нуру”.
“Чоң казат”.
“Реформа”.
“Республика”.
“Социал-демократтар”.
“Биримдик “.
“Мекеним Кыргызстан”.
“Ордо”.
“Мекенчил”.
Сот аркылуу документтерди кабыл алууга жетишкен өзгөчө статус “Кыргызстан” партиясына таандык. Ал документтерди 2-сентябрда гана өткөрүп берген.
Үгүт иштери эртең, 4-сентябрда башталып, 3-октябрга чейин уланат. Шайлоо 4-октябрда өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ