Menu

Адахан Мадумаров: Соттон утабыз деген ишеним жок, үмүт бар

Бөлүшүү:

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы сотко кайрыларын белгилеп, бирок сот арызын канааттандырат деген ишеними жок экенин билдирди:

«Кыргызстанда мыйзам жолу менен, Конституция жолу менен бир маселе чечилет деп айтууга такыр мүмкүн эмес. Мени «соңку романтик» деп айтып жүрүшчү. Эми ал романтика бүттү. Эгер эл укугун коргоп, көчөгө чыкса, мен алардын алдында болом».

Адахан Мадумаров 25 жыл мурун эл саясатчыларды ээрчиген заман болсо, учурда эл саясатчылардын алдына чыгып, талап кылууга өттү деп ойлой турганын кошумчалады.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген жок. 3-сентябрдагы жыйында ушундай чечим кабыл алынып, буга аталган партия талапкерлерди аныктоодо эреже бузганы негиз катары көрсөтүлдү.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова 17:53тө партияны каттоого алуу тууралуу чечимдин долбоору жазылганын, бирок саат 18:45тен 20:00гө чейинки танаписте долбоор өзгөрүп калганын айткан.

Буга чейин бул партиядагы талапкерлерге байланыштуу талаш келип чыккан. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого баратканын айткан Турсунбай Бакир уулу талапкерликтен чыгып калганын билдирип, партия лидери Адахан Мадумаровго кине койгон. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү мыйзам бузулбаганын айтышкан.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Саясий жарышка катышууга 17 партия 24-августта документ тапшырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: