Menu

“Бир Бол” партиясы “Тазалан!” аттуу экологиялык акция өткөрдү

Бөлүшүү:

“Бир Бол” саясий партиясы үгүт кампаниясынын башталышын тазалыктан баштоону чечти. “Тазалан!” аттуу экологиялык акция Бишкектин четинде жайгашкан Боз-Бөлтөк тоосунда өттү. Желексаптын айланасын тазалоого талапкерлер, партиянын мүчөлөрү жана тарапташтары келишкен.

Партиянын лидери Алтынбек Сулайманов үгүт кампаниясынын ачылышында куттуктоо сөзүн сүйлөп, талапкерлерге ийгилик каалады.

“Биз кесипкөй, заманбап билимге ээ болгон таза жаштар менен аттанып жатабыз. Өлкөбүз тазаланууга, таза инсандарга муктаж. Биз иштин көзүн билген, жаратман жаңы жүздөрдү бириктире алдык. Биз өзгөрүүгө жана өзгөртүүгө даярбыз!”, – деди “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов.

Аталган партиядан эң жаш талапкери Нурсултан Кубановдун айтымында, көйгөйлөрдү жөн гана талкуулай бербей, аларды чечүүгө убакыт келди.

“Бир Бол” партиясында өз ишин мыкты билген кесипкөйлөр, тажрыйбасы мол адистер топтолгон. Буга чейин жалпы команда менен бирге пландарды, программаларды талкуулаганбыз. Баарыбыздын максатыбыз, идеяларыбыз бир”, – дейт ал.

Дагы бир талапкер Екатерина Филаретова да тазалык акциясын колдоп келген.

“Биздин команда өлкө үчүн күйүп жанган, өлкөнүн келечегине чоң бурулуштарды жасай турган мекендештерден турат. Бүгүн үгүт кампаниясынын алгачкы күнүндө жаратылышты тазалоодон баштадык. Келечек муундар таза өлкөдө өсүшү керек”, – деген пикирди карманат талапкер.

Дагы бир талапкер Эсен Момункулов үгүт кампаниясынын башталышы менен жалпы элди куттуктады.

“Биз баарыбыз күч кубатка толуп турабыз. Бул айда жалпы калкка өлкөдөгү абалды жакшырта турган алдыдагы пландарыбыз тууралуу айтып беребиз. Жаратман командабыз менен бардык идеяларыбызды мекендештерибизге жеткиребиз деген ойдобуз. Элибиз туура тандоо кылат деген үмүтүбүз чоң”, – деди Эсен Момункулов.

Келгендер Боз-Бөлтөк тоосунун аймагынан жалпы 300 килограммдан ашуун таштанды чогултушту. Калдыктар иргелип алынган соң, кайра иштетүүгө жиберилет.

Бүгүн расмий түрдө парламенттик шайлоого үгүт кампаниясы башталды. Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгү 4-октябрда өтөт. Ага 15 партия ат салышууда.

   

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 4-сентябрь, 2020-жыл.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: