Жалал-Абад облусунун Аксы районунда күйөөсү тарабынан сабалган аялдын ден-соолугу жакшырды. Маалымат аймактык ооруканадан тастыкталды.
Маалыматка ылайык, 26-августта ооруканага баш сөөгү оор жаракат алган, мурун, бет сөөктөрү сынган, эки көзү катуу жабыркаган жана ички органдарынан кан кеткен деген диагноз коюлган аял келип түшкөн. Бүгүн ал дарылануудан өтүп жатат.
«Алгач ал төшөктө жатып калган. Азыр ал өзүн жакшы сезип жатат. 9 күндүн ичинде оң жыйынтыктар бар. Ал дагы бир жума дарыланат », – деп билдиришти ооруканадан.
Ички иштер органдарынан билдиришкендей, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү ал сотко жеткирилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ