Menu

Атамбаевдин иши: Сотто УКМКнын “Альфа” атайын багыттагы бөлүмдүн кызматкерлерин суракка алышат

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча кылмыш ишин кароону улантууда.

Айыпталуучу Кундуз Жолдубаева журналисттерге УКМКнын өкүлү сот залында отурганын маалымдады.

“Сот отуруму жабык өтсө дагы, атайын кызматтын өкүлү залда отурат. Айыпталуучулар жана жактоочулар анын сот отурумунда болушуна каршы. УКМКнын кызматкери өзүнүн бөлүмү бир миллион сомдон ашык материалдык чыгымга учурагандыктан, анын өкүлү экендигин билдирди” – деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн сотто УКМКнын “Альфа” атайын багыттагы бөлүмдүн кызматкерлерин суракка алышат.

Эске сала кетсек, Кой-Таштагы окуялар боюнча Ички иштер министрлиги былтыр 7-8-августта Кылмыш кодексинин бир катар беренелери боюнча иш козгогон. Иш боюнча айыпталуучулар – депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, КСДП партиясынын мүчөлөрү, экс-депутат Равшан Жээнбеков, ошондой эле экс-президент Алмазбек Атамбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: