БШК 15 саясий партиядан 1912 талапкерди каттады. Бул тууралуу КР БШКнын маалымат бөлүмү билдирди.
Эскерте кетсек, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 15 саясий партияга катышууга уруксат берген.
Көрсөтүлгөндөй, партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына 1 957 талапкерди көрсөтүштү, алардын 45и өз арыздары боюнча тизмеден чыгарылды.
Жалпысынан, КР ЖКнын депутаттыгына 1912 талапкер катталды, анын 618и аялдар (32,32%), 1294ү эркектер (67,68%).
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ