Айтылуу экс-спикер Ахматбек Келдибеков «Азия Ньюс» гезитин сотко берген. Бул эми катардагы эле соттук жүрүм. Буга чейин башкы редакторубуз Асланбек Сартбаев адаттагысындай эле экс-спикерлер Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров жана Ахматбек Келдибеков менен баштагыдай эле соттошуп келатат. Бул жагын айрым жагымпоздор козутуп, Асланга карай Ахматты болушунча кайрап жатышканы күлкүнү келтирет. Эртең каармандарыбыз тил табышып кетишсе, ортодогу «шакалдар» көчөдө же ишсиз калса күлкү келерлик да, туурабы? Балким, соттошуудагы ыңгайга жараша полковник Максат Чойбековдун күбө катары келүүсү да күтүлүүдө. Керек болсо, баарыбыз барабыз. Айрым маалымат булактары жазгандай, Асланбек Сартбаев соттук процесстен качкан жок. Анын адвокаты ыйгарым укуктарын жүргүзүүдө, керек учурда барчу адамдар барат. Сот процесси чоң чатакка айланып кетиши да мүмкүн. Бул жагынан ишенимдүү тирегибиз Туйгунаалы Абдраимов да кабар алды, эми кызык кырдаал жаралбаса эле болду…
Кубат КАРАЧЕВ
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ