Menu

Майлуу-Сууда милиция кызматкерлери 1-класстын окуучуларына көчөдө өздөрүн кантип алып жүрүү керектигин түшүндүрүшүүдө

Бөлүшүү:

2020-2021-окуу жылы башталып, Майлуу-Суу шаарында 1-класстын окуучулары мектеп босогосун аттады. Буга байланыштуу 7-8-сентябрь күндөрүнө пландалган «Салам мектеп» иш-чарасы шаардык милиция тарабынан өткөрүлүүдө. Билим уясына жаңыдан баш багып жаткан окуучулар менен милиция кызматкерлери жолугушуп, көчөдө өздөрүн кантип алып жүрүү керектигин түшүндүрүшүүдө. Бул тууралу Жалал-Абад  облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Пандемиялык шартка байланыштуу коронавирус илдетинин алдын алуу жана андан сактануу жолдору жеткирилип жатат. Окуучуларга ар дайым жанына антисептикалык каражаттарды алып жүрүү зарылды айтылууда.

Ошондой эле иш-чарада мектептер тарабынан карантиндик талаптардын так сакталуусу, коопсуздугу, видео көзөмөлдөрдүн жана жеке күзөтчүлөрдүн иштери текшерилүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: