Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон Кыргыз Республикасынын жараны 1990-жылы туулган Жумабек уулу Кайраттын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. Ал 2020-жылдын 4-сентябрь күнү болжол менен саат 20:00 чамасында Ысык-көл районунун Сары-Ой айылындагы үйүнөн “Тайота-Камри” үлгүсүндөгү күмүш түстөгү автоунаасын айдап чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Белгилери: бою 165-170 см, чачы 4-5 см, көзү күрөң, кыска сакалы бар.
Дайынсыз жоголгон жарандын кайда жүргөндүгүн билгендер болсо төмөнкү телефон номурлары аркылуу маалымдап коюңуздарды суранабыз: 0551 040202, 0707 040202, 0555 347994 же Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын нөөмөт бөлүгүнүн номуру 0312 266261.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ