Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык соту адамды сабап, зордуктоого аракет кылган Өзбекстандын жаранын күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.
Маалыматка ылайык, 30-майда саат 21:00дө Өзбекстандын жараны 58 жаштагы күзөтчүнү байлап, андан кийин аны зордуктоого аракет кылган. Бирок жабырлануучу анын колунан качып кетүүгө үлгүргөн.
Өзбекстандын жараны ошол күнү кечинде жабырлануучу менен спирт ичимдиктерин ичишкенин түшүндүрдү. Ал чайхананын күзөтчүсүн стакан менен уруп, шымын түшүргөн. Анын айтымында, аны зордуктайм деп гана коркуткан.
Ал эми жабырлануучу уктап жатканда бирөө анын башына уруп, ич кийимин чечкендигин айткан. Анын айтымында, белгисиз адам аны зордуктаганы жаткан учурда ал качып кетүүгө үлгүргөн.
Тергөө иштеринин жана көрсөтмөлөрүнүн натыйжасында сот Өзбекстандын жаранын күнөөлүү деп таап, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ