Баткен райондук соту аялын өлтүргөндүгү үчүн Ш.С.га карата чечим чыгарды. Бул тууралуу кечээ, 8-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 2-январында мас абалында Баткен шаарынын тургуну үйүндө аялын өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн. Ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилди.
2020-жылдын 1-июнда сот аны күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ