Menu

Автоунааларды мыйзамсыз ташып кирүү жана жасалма документтерди колдонуу жолу менен аларды каттоого коюу боюнча эл аралык туруктуу кылмыштуу схемасы ачылды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасына транспорттук каражаттарды мыйзамсыз ташып кирүү жана жасалма документтерди колдонуу жолу менен аларды каттоого коюу боюнча эл аралык туруктуу кылмыштуу схемасы КРӨгө караштуу МБК тарабынан аныкталды. Бул тууралу КР Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө КРӨгө караштуу МБК тарабынан транспорттук каражаттарды мыйзамсыз ташуу боюнча 113 материал табылган жана бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.  Муну менен бирге мамлекеттин бюджетине келтирилген зыяндын жалпы суммасы 258 544 354, 97 сомду түзгөн.

Кыргыз Республикасы ЕАЭБге киргенден кийин ЕАЭБ аймагына транспорттук каражаттарды мыйзамсыз ташуу жана андан ары аларды легалдаштыруу боюнча эл аралык кылмыштуу схемасы уюштурулган.

Үчүнчү өлкөлөрдө транспорттук каражаттарды сатып алган учурда, эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү транспорттук каражаттын идентификациялык маалыматтарын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттин аймагында турган башка кылмыштуу топтун мүчөсүнө Интернет аркылуу жөнөтүшкөн. Алар өз кезегинде ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин Транспорттук каражаттарын каттоо жөнүндө жасалма күбөлүктү жана башка документтерди даярдашкан. Андан кийин документтер Кыргыз Республикасына жөнөтүлгөн жана ушул жасалма документтердин негизинде транспорттук каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына иш жүзүндө өткөрбөстөн жана аларга иш жүзүндө кароо жүргүзбөстөн, мамлекеттик каттоо органдын айрым акниетсиз кызматтык адамдарынын катышуусу менен алгачкы каттоо жүргүзүлгөн жана мамлекеттик каттоо номерлүү белгиси жана Кыргыз Республикасынын Каттоо жөнүндө күбөлүгү алынган. Андан ары мамлекеттик номерлүү белгилери жана Каттоо жөнүндө күбөлүк үчүнчү өлкөлөрдө турган эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө жөнөтүлгөн жана мамлекеттик номерлүү белгиси жана Кыргыз Республикасынын Транспорттук каражаттарды каттоо жөнүндө күбөлүгү бар транспорттук каражаттар ЕАЭБдин товары катары ЕАЭБдин аймагына тоскоолдуксуз өткөрүлүп турган.

Айрым учурда жасалма декларациянын негизинде жок адамдарга, анын ичинде камак жайларында отурган адамдарга транспорттук каражаттарды мыйзамсыз катталган фактысы дагы болгон.

Табылган фактылар боюнча материалдар КРӨгө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: