Бүгүн, 10-сентябрда, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз жыйынга чогулушту.
Жыйын мөөнөтүнөн мурда кызматынан кеткен Лев Васильев менен Эрмек Усубалиевдин ордуна келген эки жаңы депутатка мандат тапшыруу менен башталды.
Кабулжан Юсупов менен Сабиржан Кадыров мандат алышты.
Кадыров Сабиржан – 1987-жылы туулган. Экс-депутат жана БШКнын мүчөсү Бахтияр Кадыровдун уулу.
Юсупов Кабулжан – 1961-жылы туулган. Ал өмүр бою компьютердик тутумдар менен алектенип, Ленинградда “Эсептөө машиналары” адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ