Эртең, 14-сентябрдан баштап Кыргызстанда музейлердин жана китепканалардын иши жанданат. Бул тууралуу КР Маданият жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.
Белгиленгендей, аталган мекемелердин ишмердүүлүктөрүн жандандыруунун бардык этаптарында эпидемияга каршы иш-чараларды сактоо менен жүргүзүлөт.
Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыккан, ошондой эле республиканын музейлеринин жана китепканаларынын негизги иш-чараларын жүзөгө ашыруу учурунда алдын алуу иш-чараларын уюштуруу жана камсыз кылуу максатында алгоритмин иштеп чыккан.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ