Маалыматтар боюнча, 12-сентябрда саат 21:27де милициянын нөөмөт бөлүмүнө Чүй облусутук ооруканадан билдирүү келип түшкөн. Билдирүүдө ооруканага денесинен оор жаракат алган Кегети айылынын 20 жаштагы А.Э. аттуу тургуну кайрылганы айтылган.
Такталгандай, А.Э. атасы менен урушуп кетип, ашкана бычагы менен кекиртегин кесип салган. Учурда өз өмүрүнө кол салган жигит облустук ооруканада дарыланууда.
“Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Учурда окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат” – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ