Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары 28-июнда акыркы жалпы жыйынга чогулуп, каникулга тарашты. Алар бир ай аймактардагы шайлоочулар менен иш жүргүзөт, андан кийин бир ай эмгек өргүүсүндө болот. Кийинки жыйындар сентябрь айынан баштан улантылмакчы. Жалпы жыйында мыйзам долбоорлоруна добуш берүү аяктаган соң, төрага Дастанбек Жумабеков сессиянын жыйынтыктоочу сөзүн сүйлөдү.
– Жайкы эс алуу учурунда кайда эс аласыз?
– Аймактарга барууну, өзгөчө Талас облусун кыдырууну пландап жатам. Жогорку Кеңештин Ысык- Көлдөгү пансионатына жолдомо буйрутма бердим. Чет өлкөдө эс алган депутаттардын катарына кирбейм.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ