Бүгүн, 15-сентябрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында парламенттик шайлоого катышкан 3 партиянын тизмесинен талапкерлерди чыгары. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, тизмеден чыгаруу чечими талапкерлердин өзүлөрүнүн берген арызынын негизинде кабыл алынган.
Ошентип, “Ата Мекен” саясый партиясынан депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен Аман Төлөгөн уулу, “Мекенчилден” Бабуржан Мамытов, ал эми “Социал-демократтардан” Рустам Жунушалиев жана Тилек Абдиев чыгарылды.
Эскерте кетсек, БШК 16 партиянын тизмесин каттаган. Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ