Menu

Финполиция: Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармалды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-сентябрда мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ошондой эле элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келип, консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын зыян келтирген пайдасыз келишим түзгөн.

Бүгүн, 15-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинде каралган кылмышты кылды деп шектелип,  саламаттык сактоо министрлигинин мурунку министри Космосбек Чолпонбаев кармалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: