Menu

Ысык-Көлдө пробация органдарында коррупцияга каршы аракеттенүү темасында тренинг өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 15-сентябрда Ысык-Көл облусунун УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун пробация органдарынын аймактык органдарынын кызматкерлери үчүн “Пробация органдарында коррупцияга каршы аракеттенүү” темасында тренинг өткөрүштү.

Пробация органдарынын кызматкерлери УКМКнын коррупция тууралуу, мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупция менен күрөшүү ыкмалары жана мындай кылмыштар үчүн жазалардын түрлөрү туурасында маалыматын угушту.

Эске салсак, УКМКнын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча тренингдери квартал сайын үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүп турат.

Мындан тышкары, ай сайын Пробация департаментинин түзүмдүк бөлүмдөрүндө тийиштүү аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин катышуусу менен кеңешме өткөрүлөт, анда Аймактар аралык башкармалыктардын жетекчилери тарабынан коррупцияга каршы аракеттердин стандарттары, кызыкчылыктардын кагылышуусунда мамлекеттик кызматчынын жүрүм-туруму, ошондой эле коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик түшүндүрүлөт.

Пробация органдарынын кызматкерлери пробациянын кызматкерлери тарабынан да, ошондой эле пробациянын кардарларынын укугун көрсөткөн адамдар тарабынан да укукка каршы аракеттерге бөгөт коюуга, кызматтык ыйгарым укуктарын кунт коюп жана так аткарууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоого милдеттүү.

Эгерде сиз пробация органдарындагы коррупциялык көрүнүштөргө, басмырлоого, укуктарыңыздын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарыңыздын бузулуусуна туш болсоңуз, пробация департаментинин probation.minjust.gov.kg сайтынын башкы бетинде жарандардын кайрылуулары үчүн атайын бөлүм жайгаштырылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: