Араван районунда катталган мушташтан кийин “Биримдик” партияларынын талапкерлери Шукурулло Файзуллаев жана “Мекеним Кыргызстан” Илхом Маннанов милицияга суракка чакырылышты. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.
Маалыматка ылайык, эки адам суракта күбө катары суралышууда.
Суракка жалпы 30га жакын адам чакырылган. 12 адам жаракат алып, учурда ооруканада. Мушташтын үч катышуучусу убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Эске сала кетсек, кечээ, 20-сентябрда “Мекеним Кыргызстан” партиясынан Ильхом Маннановдун жолугушуусунда шайлоочулар менен массалык мушташ болуп, анда 12 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан, беш унаа талкаланган. Ильхом Маннанов өзү жаракат алган эмес. Айрым маалыматтарга караганда, “Биримдик” партиясынын баш кийимин кийген адамдар болгон. Бул партия буга чейин окуяга реакция жасап, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ