Кыргызстанда 445 миң шайлоочу No2 формадагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берет. БШК аларды шайлоо укугунан ажыратуу мүмкүн эместигин белгилейт. Бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасында шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева жазып чыкты.
Анын айтымында, No2 форма боюнча катталган аномалдуу сандагы шайлоочулар менен УШКлардын тизмесин түзүү гана калды. “Биз бул участоктордо добуш берүү кандай жүрүп жаткандыгын, айрыкча добуш берүү сырларын ачыкка чыгаруу жана паракорчулук маселелерин тыкыр көзөмөлгө алышыбыз керек. Тиешелүү фактылар катталса, добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылат”, – деди ал.
https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=3523037041097811&id=100001746489365
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ