1-декабрда Талас шаарындагы жол кырсыктан 9 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу Талас облусттук милициясынан кабарлашты. Белгилүү болгондой, окуя Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсүндө болгон. Окуяда «Ауди» үлгүсүндөгү машине 9 жаштагы Айдана жана 7 жаштагы Медина аттуу 2 кызды койдуруп кеткен. Айдоочу унаасы менен окуя болгон жерден качып кеткен. Алган жаракатынан улам 9 жаштагы Айдана оорукананын кабыл алуу бөлүмүндө каза болгон. 2010-жылы туулган Медина травма бөлүмүндө дарыланууда. Милиционерлердин ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө «Аудинин» айдоочусу катары кылмышка шектелип, Бакай- Ата районунун Миң-Булак айылынын 1998-жылы туулган тургуну кармалып, камакка алынган. Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатыптыр…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ