Menu

Азиз Батыров, ырчы: “Жакында үйлөнөм, устатым Роза Аманованы өкүл апа шайладык…”

Бөлүшүү:

Кыргыз менен өзбек элинин ортосундагы данакер, улуту өзбек, дили, тили, дүйнөсү кыргыз Азиз Батыров аттуу колунан комузу түшпөгөн мукам үндүү ырчы бар. Азиз жакынкы күндөрү жеке концертин берем деп буту-бутуна тийбей чуркап жүргөн кези экен. Концерттен кийин эле үйлөнөм деп сүйүнчү айткан ырчы менен жылуу маек курдук.

– Азиз, жеке концертиңди берейин деп жатыпсың, куттуктайбыз. Концертте өзгөчөлүктөр болсо керек, даярдык кандай?

– Ооба, 3-октябрда Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониясында өзүмдүн жеке концертимди тартуулайм. Албетте ар бир өнөр адамы өзгөчө концерт бергиси келсе керек, өзгөчө болсун деп учурда кызуу даярданып жатабыз. Чоң концерт берүү оңой эмес экен. Бутум-бутума тийбей чуркап жаткан учурум. Бул күн менин өмүрүмдөгү эң маанилүү күн. Кандай өтөт деп тынчысызданып жаткан убагым.

– Сенин улутуң өзбек экенин баары эле биле бербесе керек. Кыргызга суудай сиңип, таштай катып, кыргыздын уулу болуп калганыңдын сыры? Өзбекче ырларың барбы репертуарыңда?

– Ооба мен өзбек элинин уулумун, бирок Кыргызстанда төрөлүп өстүм. Ата-тегим дагы кыргызстандыктар. Мен кыргыздын уулу болуп калганымдын себеби мен өз мекенимди аябай сүйөм. Ушул Ала-Тоо койнунда төрөлдүм, кыргыз жеринин таза абасынан дем алып, таза суусун ичип чоңойдум. Кайсы улут кайсы мекенде төрөлбөсүн ошол элдин маданиятын, салтын, үрп-адатын жана тилин сыйлоосу керек деп ойлойм. Менин мекенге болгон сүйүүм чексиз, ошол үчүн мекениме аз да болсо өз салымымды кошуп эмгек кылуудамын. Өзбек тилинде репертуарым кенен эмес. Концерт берээрде атайын бир өзбекче ыр жаттадым. (күлүп) Концертимде ырдасамбы деп турам.

– Устатты шакирт ар дайым үлгү кылып, ошол адамдын стилин, чеберчилигин көп алат эмеспи. Сенин ырдоо стилиңден Роза Аманова эженин стилинин үлгүлөрүн туябыз, өзүңө сезилеби?

– Бул суроону көп адам берет. А түгүл үнүңөр, ырдоо манераң да окшош деп айтышат. Устатыма бала кезден келип, кумир тутуп, устатымдай ырчы, дастанчы болсом экен деп дилгирленчүмүн. Эженин билимин алып, колунда окуп жүрүп эжеден көп нерсе алдым. Устаттан ырдоону, дастан айтууну, комуз үйрөнүүнү эле эмес, турмушка керектүү таалимин да жакшы үйрөндүк. Ырдоо менен эле чектелбей улууга урмат, кичүүгө ызаат кылууну үйрөндүк. Роза эжеге үнүмдүн же ырдоо манерам окшоштугунан эч качан уялбайм. Тескерисинче кыргыздын кайталангыс талантына окшоштугум бар экенине сыймыктанам. Устатымдай кыргыз элине салымымды кошсом деп болгон аракетимди кылам.

– Жакында үйлөнөм деп жатасың, куш боо бекем болсун! Келин бала кыргызбы же өзбек улутунанбы?

– Буюрса ак жоолукчан келинчектүү болгону турам. Азырынча улуту ким, өзү ким экенин айтпай сыр кылып турайын деп жатам. Баары эле өзбекпи же кыргызбы деп кызыгып жатышат. Эң башкысы менин чыгармачылыгымды сыйлаган, урматтаган адам. Буюрса тойдон көрүшөлү. Өкүл атабыз Кубанычбек Жумалиев, өкүл апабыз устатым Роза Аманова болгону турат. Абдан толкунданып турам.

– Бактылуу болгула, маегиңе ырахмат.

Маек курган Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: