“Түндүк электр” ААК карызын төлөбөгөн 9 600 абоненттин электр энергиясын өчүрдү. Бул тууралуу маалыматты компания журналисттерге билдирди.
Алардын айтымында, электр энергиясы өчүрүлгөндөн кийин сегиз миңге жакын адам карыздарын төлөшкөн.
23- жана 24-сентябрда “Түндүкэлектр” коммерциялык уюмдардын электр энергиясын өчүрө баштайт.
“2 700 компаниянын электр жарыгын өчүрүүнү пландап жатабыз. Электр жарыгын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырабыз” – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ