БШК Ош облусунун Араван районунда эки партиянын талапкерлери жана тарапташтары үгүт иш-чарасында мушташкан окуяны азырынча карабайт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева журналисттерге билдирди.
Анын айтымы боюнча, факт катталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми БШКнын териштирүүгө укугу жок.
Ал окуяга тиешеси барларды тиешелүү органдар аныкташы керектигин белгиледи.
“Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, эгерде бул окуяга талапкерлердин күнөөсү бар экендиги аныкталса, анда БШК алардын каттоосун жокко чыгарып, саясий уюмга эскертүү бериши мүмкүн” – дейт БШКнын мүчөсү.
Белгилей кетсек, Араван районунда үгүт учурунда мушташ болуп, ага 100гө жакын адам катышкан. Мушташтын натыйжасында райондун 12 тургуну жабыркаган. Мындан улам Араван РИИБнин жетекчиси кызматтан алынган жана аймакка кошумча күч тартылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ