Menu

COVID-19 менен ооруп айыккан адамдар сасык тумоого каршы вакцинаны алса болобу? – Дарыгердин жообу

Бөлүшүү:

Коронавирус менен ооруп сакайган адамдарга сасык тумоого каршы вакцинаны алууга тыюу салынбайт. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиолог-дарыгери  Чынара Мамбеталиева Биринчи радионун эфиринде билдирди.

Анын айтымы боюнча, бул вакцинага каршы көрсөтмөлөрдө, коронавирустук инфекция көрсөтүлгөн эмес.

“Бул вакцина организмди сасык тумоонун оор түрлөрүнөн коргойт. Сасык тумоого каршы эмдөөдөн мурун ар бир пациент үй-бүлөлүк дарыгердин кароосунан өтүп, ал вакцинаны ала алабы же жокпу деген тыянак чыгарышы керек, анткени пациентте вакцина үчүн карама-каршы келген ар кандай өнөкөт оорулар болушу мүмкүн” – дейт дарыгер.

Белгилей кетсек, 16-сентябрдан баштап Бишкекте, андан кийин башка аймактарда сасык тумоого каршы эмдөө башталды. Биринчи кезекте калктын аялуу катмары: өнөкөт оорулары бар адамдар, 65 жаштан ашкан адамдар, карылар үйүндөгү карылар, интернаттагы балдар ж.б. эмделет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: