Menu

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын жактырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-августта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйыны болду. Анда КР Өкмөтүнүн программасынын, түзүмүнүн жана курамынын долбоору каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

КР Премьер-министри кызмат ордуна сунушталган талапкер Сапар Исаков КР Өкмөтүнүн жаңы курамы менен программасынын долбоору боюнча баяндама жасады. Ал жаңы өкмөттүн күн тартибинде экономика, калкты социалдык жактан  камсыз кылуу, билим берүү жана саламаттыкты сактоо жана региондорду өнүктүрүү маселелери боло тургандыгына токтолду. Анын негизинде өкмөттү, коомду, жалпы эле экономикалык тармактарды санариптештирүү пландаштырылып жатат. Ошону менен катар жаңы өкмөттүн алдында региондорду өнүктүрүүнүн алкагында ирригацияны жакшыртуу, саламаттыкты сактоодо дарыланууга караганда сергек жашоого үндөө, бизнес чөйрөсүндө органикалык өндүрүшкө басым жасоо менен жаратылышты сактоо сындуу конкреттүү иш-чаралар бар экенин кошумчалады.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Исхак Масалиев тажырыйбасыз адистерди маанилүү мамлекеттик кызматтарга коюуда кылдат мамиле жасоого чакырды. Ал эми депутаттар Тынчтык Шайназаров менен Осмонбек Артыкбаев элге социалдык, билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелерди ыкчам чечүү зарылдыгын белгилешти. Депутат Алтынбек Сулайманов сунушталган программанын долбоорунда коюлган максаттарды жүзөгө ашыруунун механизмдери менен мөөнөттөрүнүн жоктугун сынга алды.

Өкмөт башчысы кызмат ордуна талапкер Сапар Исаков комитет мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып талкууда айтылган сунуш-пикирлер эске алына тургандыгын билдирди.

Талкуу соңунда тармактык комитет КР Өкмөтүнүн программасынын, түзүмүнүн жана курамынын долбоорун бекитүүдө электрондук ачык добуш берүүнү Жогорку Кеңешке сунуштамай болду.

Жыйынтыгында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин КР Өкмөтүнүн программасынын, түзүмүнүн жана курамынын долбоорун жактыруу чечими кабыл алынып, ал Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди.

Белгилей кетсек, КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков КР Президентинин шайлоосуна катышкандыгына байланыштуу кызматын өткөрүп берген. Анын кызматтан кетүү боюнча арызына КР Президенти 2017-жылдын 22-августунда кол койгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: