Кечээ, 22-ноябрда мушкер Конор Макгрегордун басканын туураган электрик Адилет Асанбеков техникалык коопсуздук эрежелери боюнча сынакты ийгиликтүү тапшырганын “Түндүк электр” ачык акционердик коомунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Адилет Асанбеков “Түндүк электр” ААКсынын борбордук комиссиясынан техникалык коопсуздук эрежелери боюнча компьютердик тесттен жана оозеки текшерүүдөн ийгиликтүү өткөн.
Эске сала кетсек, социалдык тармактарда мушкер Конор Макгрегордун басканын туураган электриктин видеосу кызуу талкууга алынган. Андан кийин “Түндүк электр” ААКсы Адилет Асанбековду техникалык эрежелерди сактабаганы үчүн жазага тартып, эрежелер боюнча сынактан өтүүнү талап кылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ